• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенде журналисттин өлүмүнө шектүү катары камакта отурган блогер билегин кескилеп салган

Кырсык 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Баткенде журналист Арзыгул Галымбетованын өлүмүнө шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайда отурган блогер Батмакан Жолболдуева өзүнүн билегин кескилеп салган. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 33 жаштагы блогер белгисиз себептерден улам өз өмүрүнө кол салуу максатында сол колунун билегин учтуу нерсе менен кескилеп салган.

"Окуяга болгон жерге тез жардам кызматы чакырылып, шектүү ооруканага жеткирилген. Кийин абалы турукташкандыгына байланыштуу шекйтүү кайрадан убактылуу кармоо жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 25-мартта 37 жаштагы Арзыгүл Галымбетова Ютубдагы “Батма-бат” каналынын блогери анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирип, ал тууралуу жалган маалымат таратып жатканын айтып, милицияга арыз жазган. Бул факт милицияда каттоого алынган.

Ошол эле күнү арыз ээси ооруп, аймактык оорукананын неврология бөлүмүнө жаткырылган, анын абалы начарлап, түн ичинде каза болгон.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесинин ("Байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү") негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү 33 жаштагы блогер милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий