• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде жылкы издеп жайлоого кеткен жаран 5 күндөн бери дайынсыз болууда

Аймак 0

Бишкек, 03.12.18. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунун Өзгөрүш айылында 1966-жылкы жаран дайынсыз жоголгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрында К.М., аттуу жаран Катраң айыл аймагынын Өзгөрүш айылындагы үйүнөн Бужум жайлоосунун Ак-Таш жайытына жылкы издеп чыккан.

"2-декабрда издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпысынан 25 куткаруучу тартылган. Азырынча табыла элек", - деп билдиришти ӨКМ кызматынан.

Куткаруучулар жеринде чатыр тигип, түнөп калышкан. Издөө иштери бүгүн, 3-декабрда уланат.

Пикир

Оставить комментарий