• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткендеги базарда 10,5 миң сом уурдоого шектелип аял киши кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Кабар/. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы базарда 10,5 миң сом уурдоого шектелип аял киши кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, "Таштемир ажы" базарында 31-январда белгисиз жарандар 20 жаштагы Э.Н. аттуу адамдын кол сумкасынын ичинен акча салынган капчыгын уурдап кетишкен. Жабырлануучу капчыктын ичинде 10 миң 500 сом акча болгондугун билдирип милицияга кайрылган.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренесинин ("Уурулук") негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кылмыштын изи сууй электе Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын 41 жаштагы Х.О. (аял киши) жашоочусу кармалган. Шектүүнүн жанынан уурдалган капчык табылып, андагы акча өз ээсине кайтарылган.

Тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий