• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткендеги бажы өткөрмө бекеттеринде, ЕАЭБдин талаптарына ылайык кайра жабдуу, кеңейтүү жумуштары жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.12.17./Кабар/. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Өкмөттөр аралык ЕАЭБге кошулуу келишимине ылайык , Баткен облусунун аймагындагы Бажы көзөмөл бекеттерине техникалык көмөк көрсөтүүнүн практикалык ишке ашуусун аткаруу максатында, Баткен бажысынын “Кызыл-Кыя автожол”, “Кызыл-Бел” жана “Кайрагач” бажы көзөмөл бекеттеринде кайра жабдуу, кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.

Курулуш иштери жүрүп жаткан,бажы чек ара көзөмөл өткөрмө бекеттери күнүмдүк жөнөкөйлөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Эл аралык стандартка жооп берген бажы көзөмөл бекетиндеги кайра жабдуу, кеңейтүү жумуштары аяктаса,Баткендин эле эмес, кошуна өлкөлөрдүн да өндүргөн продукцияларын, бажы эрежелерин мыйзамдарын сактоо менен бажы биримдигине кирген мамлекеттерге экспорттоого ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Кайра жабдуу, кеңейтүү жумуштарын аткаруучулар;” Кызыл-Кыя автожол” бекетинде Россия Федерациясынын “Гренд-Лайн” ЖЧК, “Кызыл-Бел” өткөрмө бекетинде “Стальмонтаж” ЖЧК жана “Кайрагач” өткөрмө бекетинде “Чин-Алин” ЖЧК аткарууда.

Бүгүнкү күндө КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаевдин атайын тапшырмасынын негизинде, курулуштардын өз убагында жана сапаттуу аякташына жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары тарабынан ар тараптуу көмөк көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий