• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткендеги биофабрика апрелде колдонууга берилет – Айыл чарба министри

Экономика 0

Бишкек, 15-февраль /Кабар/. Баткен облусундагы биофабрика апрель айында колдонууга берилет. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев КСДП фракциясынан депутат Карамат Орозованын аталган биофабриканын курулушун бүтүрүү мөөнөтү тууралуу суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылы Баткен облусуна биофабрика куруу боюнча долбоор жактырылган. Курулуш 2015-жылы башталышы керек эле. “3 жыл өттү. Ишкана качан колдонууга берилет?”,-деп сурады Карамат Орозова.

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев бүгүнкү күндө курулуш иштери 70%га бүтүп калды, 1,5-2 айдан кийин биофабрика колдонууга берилет деп белгиледи.

Депутат облустагы ирригациялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканына кызыкты.

Өз кезегинде суу чарба департаментинин башчысы Көкүмбек Дүйшөналиев республиканы сугат суу менен камсыздоо боюнча иштер 2017-2026-жылдар аралыгына белгиленген программагы ылайык жүрүп жатканын билдирди. “Аталган программанын алкагында республиканын ирригациясын өнүктүрүүгө 58,8 млрд сом багыттоо пландалууда, анын ичинен 28 млрд сому Баткен облусуна 9 ирригациялык объект курууга жөнөтүлөт”,-деп жооп берди ал.

Пикир

Оставить комментарий