• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткендеги биргелешкен машыгуу салтанаттуу жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 03.04.21./Кабар/. КР Коргоо министрлиги тарабынан Баткен облусунун аймагында уюштурулган “Коопсуздук-2021” жана “Калыптоо-2021” Биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу салтанаттуу жыйынтыкталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын кризиске жооп кылуу борборунун башчысы Алмаз Камаловдор, жалпы катышуучуларды машыгуунун ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, бир катар кызматкерлерге, окутууга жигердүү катышкандыгы, көрсөткөн кесипкөйлүгү, ошондой эле аскердик абал киргизилген шарттарда, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттешүүсүн уюштурууга кошкон салымы үчүн, коргоо министринин жана өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сыйлыктарын ыйгарышты.

Машыгууга 2 миңге жакын адамд катышып, 100гө жакын унаа, брондолгон жана атайын техникалар, артиллериялык системалар, авиациялык техникалар тартылды.

Машыгуунун алкагында аймакка өзгөчө абал жана аскердик абал киргизилип, бул шарттарда аскердик жана мамлекеттик органдар күжүрмөн аракеттерин көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий