• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткендеги чек ара чыры. Үйлөрү талкаланган бардык жарандар үйсүз калбайт

Коом 0

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. Үйлөрү талкаланган бардык жарандар алдыдагы кышка үйсүз калбайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

“Бардык күчтөр турак-жайынан ажырагандардын бары суук түшкөнгө чейин жаңы үйлөрүнө кирүүсүн камсыз кылууга багытталган”,-деди Солтонбекова.

Ошондой эле, ал министрлик тарабынан жумушсуздарды жер-жерлердеги социалдык объектилерди реконструкциялоого жана курууга тартуу боюнча иштер жургүзүлүп жатканын кошумчалады. “Бүгүн жеринде төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу тууралуу атайын келишимге кол коюлду. Күйгөн үйлөрдү, аймактарды тазалоого жана башка жумуштарга 430дан ашуун жумушсуз жарандар тартылган”,-деди Солтонбекова.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайына Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 190 кыргызстандык жабыркап, 36 адам набыт болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект күйгөн жана жабыркаган.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик тараптын аракетин аскердик агрессия катары баалады.

Пикир

Оставить комментарий