• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткендеги чек ара чыры: Мектептер жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет

Коом 0

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. Бардык мектептер жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Баткендеги чек ара чырынан талкаланган социалдык объекттердин курулуш иштери толук жүрүп жатат. "Баардык билим берүү мекемелери: мектептер, балдар бакчасы сентябрга даяр болот", - деди ал.

Солтонбекова кошумчалагандай, аталган маселе Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин көзөмөлүндө.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайына Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 190 кыргызстандык жабыркап, 36 адам набыт болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект күйгөн жана жабыркаган.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик тараптын аракетин аскердик агрессия катары баалады.

Пикир

Оставить комментарий