• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткендеги чек ара жаңжалында курман болгондордун 27 үй-бүлөсү 1 млн сомдон кенемте алышты

Аймак 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 28-29-апрелинде орун алган кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгондордун 27 үй-бүлөсү 1 млн сомдон кенемте алышты. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, каза болгон кыргызстандыктардын үй-бүлөлөрүнө компенсация үчүн 51 миллион 556 миң сом бөлүү чечими кабыл алынды.

«Бүгүнкү күндө курман болгондордун 27 үй-бүлөсү 1 млн сомдон алышты. Кенемде алуунун өзүнчө атайын жол-жоболору бар. Кенемте алган 27 үй-бүлө бул компенсацияны толугу менен аяктаган. Калган үй-бүлөлөр да процедуранын жүрүшүндө кенемте алышат», - дейт ал.

Ошондой эле Жунушалиев чыр-чатактан жабыркаган 67 адам жараатынын деңгээлине жараша 50 миңден 100 миң сомго чейин компенсация алышкандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайына Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 190 кыргызстандык жабыркап, 36 адам набыт болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект күйгөн жана жабыркаган.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик тараптын аракетин аскердик агрессия катары баалады.

Пикир

Оставить комментарий