• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткендеги чек ара жаңжалында жапа чеккен жарандардын 173 документи жасалып бүттү

Коом 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Баткен облусундагы чек ара жаңжалында жапа чеккен жарандардын 173 документи жасалып бүттү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Бүгүнкү күндө жоголгон же жок кылынган жеке документтер боюнча жалпы 248 арыз келип түшкөн. Эң көп ID-карталарын калыбына келтирүү үчүн арыз кабыл алынды. Жалпы 102 адам арыз берсе, анын жарымысына паспорт тапшырылды.

“72 жаран туулгандыгы тууралуу күбөлүктү, 14 жаран никелешүү тууралуу, 11 жаран өлүм жөнүндө, 1 жаран ажырашуу жөнүндө, 9 жаран транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө, 19 жаран айдоочулук күбөлүктү калыбына келтирүү боюнча арыздануучу болгон. Алардын баары документтерди колуна алышты. Бирок жалпы жарандык паспортту калыбына келтирүү үчүн кайрылган 19 жаран дагы эле күтүп жатышат, анткени норма боюнча анын жасоо мөөнөтү 18 күн”, - деп айтылат маалыматта.

Калкты сапаттуу жана жеткиликтүү мамлекеттик кызматтар менен камсыз кылуу максатында Ош облусунун Ноокат районунда, Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай районундорунда жаңы калкты тейлөө борборлору иштей баштады.

Пикир

Оставить комментарий