• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткендеги үйлөрдүн курулушу боюнча иликтөө. Туманбаев менен Камбаров айыптоолорду четке кагышты

Аймак 0


Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Президенттин аминистрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Баткендеги үйлөрдүн курулушу боюнча иликтөө боюнча соцтармактагы баракчасына пикирин билдирди.

“Спутник” сайтынын журналисти Эламан Кармышаков “Кан төгүлгөн өрүкзардагы көмүскө кызыкчылыктар” деген аталыштагы иликтөө жасаган. Анда Баткендеги куралдуу кагылыштан жабыркаган турак жайларды куруп жаткан “Аманат курулуш инвест” компаниясына 20 жаштагы студент ээлик кылат. Мамлекеттин миллиарддаган акчаны “аты-жыты жок компанияга берген”, анын артында президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин кызыкчылыгы барбы деген маалымат тараткан.

Натыйжада, коомчулукта Каныбек Туманбаевдин дарегине нааразычылыктар айтылып, аны Баткендеги курулуштан өзүнө пайда издеп жатабы деген пикир түзүлгөн. Мындай жалган жана маалыматтык манипуляцияга аргументтер менен жооп берүүнү эп көрдүк. Журналист Эламан Кармышаковдун өзүн алып, Баткендеги курулуш жүрүп жаткан жерге келдик. Иш башкаруучу Каныбек Туманбаев, “Аманат курулуш инвест” компаниясынын жетекчиси Давид Камбаров иликтөөдөгү жалган маалыматтарды, айыптоолорду четке кагып, далилдеп беришти.

Кармышаковдун иликтөөсүндөгү “компанияга 20 жаштагы жаран ээлик кылат” деген маалыматы жалган.

“Давид Камбаров Баткендеги курулуштар үчүн тендер жарыяланганда эле “Аманат курулуш инвест” компаниясына ээлик кылып калган” деген маалыматы дагы чындыкка дал келбейт. Камбаров аталган компанияны 2022-жылдын 4-июнунда эле өткөрүп алган. Бул туурасында далилдүү фактылар, документтер Эламан Кармышаковго көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий