• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткендеги өкүлчүлүк: Коменданттык саат аскердик машыгуу үчүн киргизилет

Аймак 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-2-3-апрель күндөрү Баткен районунун Бужум айылындагы машыгуу талаасында биргелешкен командалык штабдык жана мобилизациялык "Коопсуздук-2021" жана "Калыптоо-2021" машыгуусу өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында Баткен районуна жана Баткен шаарына 2021-жылдын 2-апрель күнү, кечки саат 20.00дөн 3-апрель таңкы саат 6.00гө чейин коменданттык саат киргизилет.

“Ушул 10 саат ичинде, жарандардан тартипти сактоого жана кырдаалды түшүнүү менен мамиле жасоого чакырабыз. Бул убакыт аралыгында, сиздерге көчөдөн күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кайрылса, түшүнүү менен мамиле жасоону суранабыз. Учурда аймакка коюлуп жаткан блок посттор жарандарды текшерүүгө албайт. Жарандардан эч кандай уруксат кагазы талап кылынбайт. Посттор алдын ала даярдык үчүн түзүлгөн шарт болуп эсептелет. Коменданттык саат жарандарга ыңгайсыздык жаратпайт”, - деп айтылат өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий