• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өкүлчүлүк: Баткен облусунун чек аралаш аймактарында абал туруктуу

Аймак 0

Бишкек, 17.01.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча Баткен жана Согди облусунун башчылары сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-апрелде Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айыл аймагында Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында райондук суу чарба ишканасынын кызматкерлери тарабынан оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп жаткан учурда Тажикстандын чек арачылары келип, оңдоп-түзөө жумуштарын токтотууну талап кылышкан. Натыйжада пикир келишпестиктер орун алган.

Окуя болгон аймакка Баткен жана Тажикстандын Исфара районунун акими баш болгон тийиштүү жетекчилер барып, сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошондой эле окуя болгон жерге өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да барышты.

Орун алган окуя боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар бул маселе боюнча 22-апрелде Өзбекстандын Фергана шаарында өтүүчү форумга болгон иш сапардын алкагында жолугуп, сүйлөшүүнү макулдашты. Ал эми 18-апрелде Баткен жана Исфара районунун акимдеринин деңгээлинде сүйлөшүүлөр уланат.

Белгилей кетсек, оңдоп-түзөө жумуштарынын негизги бөлүгү аяктады.Тажик тараптын оңдоп-түзөө жумуштарын биргеликте жасайбыз деген талабына кыргыз тарап макул болгон жок.

Учурда Баткен облусунун чек аралаш аймактарында абал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий