• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткендеги өкүлчүлүк: Нургазиев каналы толугу менен Кыргызстандын аймагында жайгашкан

Аймак 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Кадамжай районундагы Нургазиев туннели Өзбекстандын аймагына өтүп кетүү коркунучу жок, жана тынчсызданууга негиз жок. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нургазиев каналы толугу менен Кыргызстандын аймагында жайгашкан жана Кыргызстандын аймагы аркылуу гана агып өтөт.

Нургазиев каналы Кадамжай районундагы Ак-Суу дарыясынан бөлүнүп чыгып, Кадамжай шаарынын Пүлгөн, Жаңы-Жер айылдарынан, Халмион, Алга айыл аймактарынан, ал эми каналдын туннели, Өзбекстандын Фергана районунун Водил айылынын түндүк тарабында, мамлекеттик чек ара сызыгынан 150-200 метр алыстыктан өтөт.

Бул суу каналы жайгашкан аймактар Кыргызстан менен Өзбекстандын делимитация боло элек аймактарына кирбейт жана бул маселе эки мамлекеттин чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясында каралышы мүмкүн эмес.

Белгилей кетсек, бүгүн, 25-мартта КР Жогорку Кеңешинин депутаты Бурун Аманова демаркация иштеринин жүрүшүндө Кадамжай районундагы Нургазиев туннелинин башы Өзбекстанга өтүп кетүү коркунучу бар жана аймактагы элдин кызыкчылыгын коргоо, стратегиялык обьекттин статусун эске алуу керек деп билдирген.

Пикир

Оставить комментарий