• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткендеги өкүлчүлүк: Тажикстанда кармалып турган кыргыз жарандары боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Тажикстанда кармалып турган кыргыз жарандары боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 16-февралында Баткен районунун 3 тургуну, Кадамжай районунун 2 тургуну Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагы аркылуу Тажикстандын мал базарына барып, жол таппай, адашып калып, мыйзамдуу өткөрмө чек ара бекетинен өтпөгөндүгүнө байланыштуу Тажикстандын атайын кызматы тарабынан Согди облусунун Кистакуз жерлигинен кармалган.

Бүгүн, 22-февралда кармалган жарандардын жакындары өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевге кайрылышты.

Өкүл учурда укук коргоо органдары тарабынан кармалган жарандарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтып, бүгүн облустун атайын өкүлдөрү менен кармалган жарандардын ата-энеси Тажикстанга барып, алардын абалынан кабар алып келүүсүнө шарт түзүлөрүн билдирди.

Облус башчысы ошондой эле чек аралаш аймакта орун алган маселелерди мыйзам чегинде, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракеттер көрүлөрүн кошумчалады.

Өкүл ошол эле учурда ар кандай себептер менен Тажикстандын аймагында кармалган жарандар эгер күнөөсү аныкталса, ошол өлкөнүн мыйзамдары боюнча жооп берүүгө туура келерин, ал эми Кыргызстандын аймагында кармалган Тажикстандын жарандары, биздин өлкөнүн мыйзамдарынын чегинде жооп берүүгө милдеттүү экенин белгиледи.

Белгилей кетүүчү нерсе, КР мыйзамдарына ылайык, Баткен облусунун аймагынан Тажикстандын аймагына өтүү үчүн 3 негизги мыйзамдуу чек ара өткөрмө бекети бар. Алар Лейлей районунда Кулунду жана Кайрагач, Баткен районунда Кызыл-Бел чек ара өткөрүү бекети. Башка аймактан өтүү чек ара мыйзамына ылайык, мыйзам бузуу болуп эсептелет.

Ошону менен бирге, чек аралаш аймактардагы жарандардын, атайын белгиленген транзит жолдордон өтүүсү каралган, ал мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Алар - Баткен районунун Көк-Таш, Таш-Тумшук, Ак-Сай, Тажикстандын Исфара-Ворух жолдору эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий