• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткендеги катуу шамал көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кетти

Аймак 0

Бишкек, 06.08.21. //Кабар/. Баткендеги катуу шамал көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кетти, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 5-августта кечки саат 20:00дөр чамасында катуу шамалдын кесепетинен Баткен шаарынын Садыков көчөсүндө жайгашкан 4 кабаттуу үйдүн чатырынын 1 бөлүгү учуп, телефон чубалгысына түшкөндүгү туралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан алты куткаруучу тартылып, илинип калган чатырды түшүрүп, коопсуз жайга алып беришкен.

Кырсыктан жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий