• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткендеги Кулунду айыл аймагында эки бала бакча курулат

Аймак 0

Бишкек, 06.02.19 /Кабар/. Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында эки бала бакча курулат. Бул тууралуу Баткен облусунун башчысы Абиш Халмурзаев райондун тургундары менен жолугушу учурунда билдирди.

Халмурзаев Кулунду айылына 140 орундуу, Сада айылына 34 орундуу бала бакчанын курулушу үстүбүздөгү жылдын планына киргизилип, курулушу иштери жакында башталаарын билдирди.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар сунуштаган мөмө жемишти кайра иштетүүчү ишкананы жана тигүү цехин ачуу боюнча идеяны толугу менен колдоорун билдирди. Бул үчүн мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыялар берилип жатканын, аны алуу жолдорун түшүндүрүп, бул жаатта ишкердикти колдогон бей өкмөт уюмдарга долбоорлорду жазуу керектигин айтып, элеттиктердин мындай аракетин ишке ашырууга жардам берээрин айтты.

Мындан тышкары электр тармактары ишканасынын жетекчилигине айылдагы электр тирөөчтөрдү кыска мөөнөттө алмаштыруу жана электр энергиясынын сапатын жакшыртуу тапшырмасын берди.

Ошондой эле ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынын жетекчилигине кооптуу аймактардагы элдин акыбалын жеринде көрүү менен кечиктирилгис чараларды көрүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий