• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткендеги куралдуу кагылышуудан кийин 14 трансформатор жарактан чыккан

Аймак 0

Бишкек, 24.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткендеги куралдуу кагылышуудан кийин 14 трансформатор жарактан чыккан. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынын директору Асылбек Артыков билдирди.

Анын айтымында, куралдуу кагылышуудан Баткенге Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Кыргыз электр тармактарынан 72 жумушчу, 10 топ тартылган.

“Бүгүнкү күндө бардык аба чубалгыларга электр жарыгы берилди. Бирок 14 трансформаторду алмаштыруу керек болуп турат. Чүй электр тармактарынан 11, Жалал-Абад электр тармактарынан эки, Ош электр тармактарынан беш трансформатор Баткенге жөнөтүлгөн. Алар келсе жогорудагы айткан трансформаторлор электр энергия менен камсыз болот”, - дейт ал.

Артыков куралдуу кагылышуудан Баткенде 319 даана трансформатор жабыркап, 13 миң 235 абонентке электр жарыгын берген линиялар иштен чыкканын кошумчалады.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 62 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий