• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Баткендеги кырдаалга байланыштуу 11 миңден ашуун адам эвакуацияланды

Кырсык 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаалга байланыштуу чек ара тилкесинде жашаган 11 миң 52 эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылды.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Орто-Баз, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө, Ак-Татар а/а, Самаркандек а/а Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын болжол менен 6 миңге жакын тургуну Рават айылына убактылуу көчүрүлдү.

Лейлек районунун Максат айылынан 400 адам Маргун айылына, Интернационал айылынын миңдей жараны Кайрагач айылына көчүрүлдү.

Ошондой эле Мурза-Патча, Сада аймагынан, Ак-Арык жана И.Раззаков айылынын жергиликтүү жашоочулары Исфана, Сүлүктүгө эвакуацияланды.

Ага катар эле Самаркандек жана Ак-Татыр айылынын миңдей жашоочусу Лейлек, Кара-Суу, Ак-Теректеги үйлөргө жайгаштырылды.

Азыркы тапта эвакуация болгон жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, зарыл болгон каражаттар менен камсыздандырылды.

УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, 28-январь, саат 08:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Самаркандык, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной жерликтериндеги кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт. Чек ара кызматынан кошумчалашкандай, түн тынч өттү.

Чек ара кызматы кырдаалды көзөмөлдөп жатат.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын акыркы маалыматына таянсак, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды сүйлөшүү боюнча эки тараптуу жолугушуу өтүп, анда Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашкан.

Андан тышкары, тараптар ок атууну токтотуу, эки тараптын чек арага тартылган кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жерлерине алып кетүү, Баткен-Исфана авто жол каттамын ачуу, чыр-чатактардын күчөп кетпөөсүн алдын алып, чектеш аймактарда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери биргеликте кайгуул уюштурууну макулдашты.

Эки тараптуу жолугушуу бүгүн дагы улантылат.

Белгилей кетсек, буга чейин КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдаган.

Такталган маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болуп, тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонгон.

Пикир

Оставить комментарий