• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткендеги мобилдүү топтор 4 аткезчилик фактыны аныкташты

Аймак 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Баткендеги мобилдүү топтор 4 аткезчилик фактыны аныкташты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун чек аралаш аймактарында аткезчиликке бөгөт коюу максатында иш алып барып жаткан мобилдүү топтор жергиликтүү ыктыярчы жаштар менен бирге аткезчилик тобокелчилиги бар аймактарда иш алып барууда.

Мобилдүү топ ишке киришкен 10 күн аралыгында, чек ара аймактарынан 4 аткезчилик фактысы аныкталды. Кармалган жарандар мыйзамсыз жол менен кошуна мамлекеттерге жүк өткөрүүнү көздөгөн.

Кармалган жүктөр негизинен жашылча-жемиш, азык-түлүк жана турмуш-тиричиликке керектүү ар түрдүү материалдар экени аныкталып, бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, 21-майда Баткенде аткезчиликке каршы мобилдүү топтор түзүлүп, аймактарга жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий