• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткендеги окуяларда 152 жаранга ок тийген – ИИМ

Кырсык 0

Бишкек, 02.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткендеги окуядан 152 жаранга ок тийген. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.

Анын айтымында, тергөө тарабынан такталган маалымат боюнча, жалпы 162 адам жараат алган.

“Алардын 12си чек ара кызматкери (3 кызматкер курман болгон), 17си ички иштер кызматкери, калганы катардагы жарандар. Ок жалпы 152 адамга тийген, ок тийип каза болгондордун саны 34. Каза болгондордун үчөө чек ара кызматкери болсо, 31и жөн кишилер болгон. Жарандардын ичинен ок тийип жаракат алгандар 118, таш 10 адамга тийген.

Аширходжаев белгилегендей, тергөө топтору түзүлүп, келтирилген чыгымдар жана башка далилдерди топтоо иштерин аткарып жатат.

“Жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кызмат күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Учурда абал туруктуу”, - деди министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий