• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Быйыл Ош шаарынын күнү белгиленбейт. Себеби

Аймак 0

Бишкек, 03.10.22. /Кабар/. Баткен облусунда болгон соңку окуяларга байланыштуу быйыл Ош шаарынын күнүн белгилөө токтотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле мэриядан бир катар майрамдык иш-чаралар жана салтанаттар да өткөрүлбөй турганын кошумчалады.

2000-жылы президенттин жарлыгы менен Ош шаарынын 3000 жылдыгы салтанаттуу белгиленген. Ошондон бери 5-октябрда шаар күнүн белгилөө салтка айланган.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган. Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун аймагында 600дөн ашуун турак жай жабыркаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 62 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий