• 79.5
  • 81.44
  • 1.25

Баткендеги сел: кум-шагыл баскан эки унаа чыгарылып, жол каттамы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-майда, Баткенде катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүргөн.

ӨКМден билдиришкендей, кокту-колоттордон түшкөн сел сууларынан Ош-Баткен унаа жолунун жер өтмөгүн суу каптаган.

“Ош-Баткен автоунаа жолунун 109-чакырымында жол жээгинде токтоп турган “Матиз” жана “Ласетти” үлгүсүндөгү жеңил унааны кум-шагыл баскан. Унаалар чыгарылып, жол каттамы ачылды”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Кадамжай шаарындагы чек ара көзөмөлдөө пунктунун жанындагы арыктын түтүктөрүн жана №9 көп кабаттуу үйдүн подъездине кирген сел сууларын тазалоого алты куткаруучу тартылды.

Пикир

Оставить комментарий