• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткендеги шахтада куткаруучу кызматкер газга ууланып каза болду

Аймак 0

Бишкек, 27-июнь /Кабар/. Баткен районуна караштуу Самаркандек айылындагы шахтада жумуш учурунда 1987-жылы туулган А. С. аттуу куткаруучу газга ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык 26-июнда болгон. Куткаруучу тосмо орнотуп жаткан учурда ууланган. Ал Лейлек районуна караштуу Исфана шаарынын тургуну. Анын денеси Баткен облустук табытканага жеткирилген.

Ошондой эле, 1997-жылы туулган экинчи куткаруучу дагы газга ууланып, Баткен облустук ооруканасына жеткирилген.

Эскерте кетсек, тосмо тургузуу иштери ушул жылдын 5-июнунда чыккан өрт кесепеттеринен кийин башталган.

Пикир

Оставить комментарий