• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткендеги шамалдын ылдамдыгы такталды

Аймак 0

Бишкек, 25.12.17 /Кабар/. 2017-жылдын 25-декабрында саат 02:30 чамасында Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондордун аймактарында катуу шамал катталган. ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, шамалдын ылдамдыгы секундасына 14-16 метрге жеткен.

Маалыматка ылайык, натыйжада Лейлек районунун Сумбула айыл аймагына караштуу Көкташ айылындагы Бабасаттаркулов атындагы орто мектебинин спорт залынын чатырынан 5 даана шифер, очокканасынын жана көмүрканасынын чатырларына жабылган темир тыныке жараксыз абалга келген.

Баткен районунун Дара айыл аймагына караштуу Кайыңды айылында 3 үйдүн 35 даана шифер жараксыз абалга келген.

Пикир

Оставить комментарий