• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткендеги тоолор дагы күйүүдө. Өрттү өчүрүүгө дээрлик 100 адам тартылды

Аймак 0

Бишкек, 03.11.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кечээ, 2-ноябрда кечки саат 17:00 чамасында Баткен районундагы Кайыңды айылына караштуу Тигин-Ава тоосунун боорунда куураган чөп күйүп баштаган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө дээрлик 75 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган.

Жергиликтүү тургундар тарабынан Тигин-Ава тоосунда күйүп жаткан куураган чөптү өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, түн киргендигине байланыштуу өрттү өчүрүү иштери саат 22:00дө убактылуу токтотулган. Өрттүн кесепетинен болжол менен 3га куураган чөп, бадал өсүмдүктөрү күйгөн.

“КР ӨКМнен тартылган 37 куткаруучу саат 23:30да Кайыңды айылына жетишип, түн киргендигине байланыштуу Кайыңды айылынын маданият үйүндө түнөп калышты. 3-ноябрда саат 07:00дө КР ӨКМнен тартылган 37 куткаруучу жеринде өрт өчүрүү иштерин жүргүзүү үчүн чыгып кетишти”,-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 28-октябрда болжол менен саат 13:45 чамасында Тегирмен тоосунун түндүк-чыгыш тарабындагы куураган чөптөр күйө баштаган. Өрттү өчүрүүгө ӨКМнен 60 куткаруучу жана жергиликтүү тургандардан 30 адам тартылган. Өрт 29-октябрда кечки саат 17:50 чамасында толугу менен өчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий