• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткендеги тротуардын курулушунда мамлекетке дээрлик 2 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилген

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Баткен шаарынын Разаков көчөсүндөгү жол тутумунун курулушундагы аткарылган иштердин жогорулатылган баада көрсөтүлгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Шаардык мэриянын жооптуу кызматкерлери жумуш аткаруучу “Ч.С” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жасалган 2 млн 964 миң 700 сомдук тротуар, арык-лотоктору менен курулушту колдонууга кабыл алышкан.

“Бирок, прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгында жумуш аткаруучу локалдык сметада каралган 1 млн 917 миң 443 сомдук асфальттын тротуарга төшөлбөгөндүгү такталган”,-деп айтылат маалыматта.

Жооптуу кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү максатында, топтолгон материалдар КР Жазык кодексинин 320-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий