• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Баткендеги жаңжалдан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн 81 медик жөнөтүлгөн

Аймак 0

Бишкек, 03.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткендеги жаңжалдан жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн жалпы 81 медик жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, анын айрымдары кайра аймактарга учуп келе жатат.

“Баткенге Таластан 7 медкызматер, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары менен Бишкек жана Ош шаарынан да медиктер кеткен. Ошондой эле министрдин өзү менен да кошо бригада жөнөгөн. Алардын жалпы саны 81ди түзөт”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 183 адам жабыркап, алардын 35и набыт болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 78 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара заставасы, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн жабыркаган жана күйгөн.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Бүгүн, 3-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Тараптар мамлекеттик чек ара тилкесинен аскер техникаларын чыгарып кетүү иштерин аякташты.

Пикир

Оставить комментарий