• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткендеги жабыркагандарга 100,1 млн сомдон ашуун каражат чогулду

Аймак 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Баткендеги Тажикстандын куралдуу агрессиясынан жабыркагандарга жардам берүү үчүн атайын эсептерге 100 млн 141 миң 931,88 сом чогулду.

Чогулган каражаттарды көрсөткөн сайтта жазылгандай, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын эсебине 92 млн 37 миң 724,51 сом, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине 2 млн 218 миң 573 сом жана Бишкек шаарынын мэриясынын эсебине 5 млн 885 миң 634,37 сом түштү.

Белгилей кетсек, учурда чогулган каражаттар коротула элек.

Пикир

Оставить комментарий