• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткендеги жабыркагандарга 104 млн сомдон ашуун каражат чогулду

Аймак 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Баткендеги Тажикстандын куралдуу агрессиясынан жабыркагандарга жардам берүү үчүн атайын эсептерге 104 млн сомдон ашуун каражат чогулду.

Чогулган каражаттарды көрсөткөн сайтта жазылгандай, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын эсебине 96 млн 333 миң 366,65 сом, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине 2 млн 252 миң 466 сом жана Бишкек шаарынын мэриясынын эсебине 5 млн 922 миң 878,37 сом түштү.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 190дой адам жабыркап, алардын 36сы набыт болгон.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий