• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткендеги жол кырсыгынан 4 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 22.02.19. /Кабар/. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Кулатов көчөсүндө кечээ, 21-февралда болжол менен саат 01:59да “Ласетти” жана “Портер” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктын кесепетинен 4 адам жаракат алган. Жерине келген куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий