• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткендеги жол кырсыгынан бир адам каза таап, бирөө жабыркады

Кырсык 0

БИШКЕК, 10.08.17 /Кабар/. Баткендеги жол кырсыгынан бир адам көз жумуп, дагы бирөө ооруканага түштү,-деп билдирди Саламаттык сактоо министрлиги. Кырсык 9-августта Баткен облусундагы Ак-Талаа айылында болгон.

Жабыркаган жаран Баткен облусттук ооруканага жаткырылды.

Расмий маалыматтарга ылайык, республикада күн сайын болжолу менен үчтөн адам каза болуп, 20га чукулу жаракат алууда. Тиешелүү мекемелер тарабынан азырынча буга каршы эч кандай иш аракеттер байкалган жок.

ИИМ билдиргендей, 2017-жылдын башынан бери жол кырсыгынан өлкөдө 300дөн ашык адам каза болгон. Кырсыктын негизги себептери -жол эрежесин сактабагандыктан улам келип чыгууда.

Пикир

Оставить комментарий