• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенден 20 медицина кызматкери Бишкекке жөнөп кетти

Аймак 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Баткен облусунан 20 медицина кызматкери оорунун очогу болгон Бишкек шаарына коронавирус илдети менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүү үчүн ыктыярдуу түрдө жөнөп кетишти. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен медицина тармагында 40 жылдан бери эмгектенип келген медицина кызматкерлери да бар.

Дарыгерлерди өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов жана Чынар Саттарова узатып, аларга бекем ден соолук, күч-кубат каалап, ыраазычылыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий