• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткенден 51 медицина кызматкери Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетишти

Ден соолук 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 10-сентябрда Баткен облусунун ар кайсы аймактарында коронавирус инфекциясы жайылган учурда оорунун очогунда эмгектенген дарыгерлер эс алуу үчүн Ысык-Көл облусуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аларды облус башчысы Алишер Абдрахманов узатып, өмүр сакчыларына ак жол каалаган.

Белгилей кетсек, медицина кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы “Рахат” эс алуу пансионатында 7 күн акысыз эс алышат. Дарыгерлердин эс алуусун саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюздук уюму уюштурган. Ал эми барып келүү жол акысы жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий