• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенден келген делегат президенттен кыргыз-тажик чек арасын тезинен чечип берүүнү суранды

Курултай 0

Бишкек, 25.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин аймактардан шайланып келген делегаттарга сөз берилди.

Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнөн келген Мурсалим Максүтов эки негизги маселеге токтолду.

“Бирлик айыл өкмөтүндө суу маселесинен улам ынтымактуулук жоголуп жатат. Кашка-Суу жана Ууру-Суу эки жайлообуздан суу агат. Ошол жерлерге кичи ГЭС куруп, каналдар аркылуу 15 миң гектар жерди суу менен камсыз кылуу керек деген сунуш менен келдик. Ушул эле райондо Нургазиев каналы Өзбекстан менен чек аралаш жерде жайгашкан. Ушуну дагы жеке көзөмөлгө алып койсоңуз. Мындан сырткары, кыргыз-тажик чек арасын тактап берсеңиз аябай сүйүнөт элек. Өзүңүз жеке көзөмөлгө алып, тездетип жана болушунча биздин пайдабызга чечип берсеңиз”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Бишкекте өтүп жаткан биринчи Элдик курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Пикир

Оставить комментарий