• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенден түз Нью-Йоркко. КРдин кургатылган өрүктөрү эми АКШда

Коом 0

Бишкек, 12.07.18. /Кабар/. Баткен өрүктөрү эми АКШдагы дүкөн текчелеринде сатылууда. Өндүрүүчүлөрдүн кезектеги ийгиликтери тууралуу Атамекендик өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев маалымдады.

Ал билдиргендей, ишкерлер өз азыктарын кургатылган түрдө экспорт кылуу үчүн АКШ талаптарына жооп берген атайын куту ойлоп табышкан.

“Кургатылган өрүк Нью-Йоркко чейин жетти. Баткендик ишкерлер өздөрүнүн азыктарын АКШга жеткиришти. Кыйын болушу мүмкүн жана көп аракетти талап кылат, бирок кылса болот. Сапаттуу кутучада жана ал өлкөнүн талаптары боюнча. Баткендиктер азамат”, - деп билдирди Дегенбаев.

Пикир

Оставить комментарий