• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенди жетектей турган Өмүрбек Суваналиев облус активине тааныштырылды

Аймак 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп жаңыдан дайындалган Өмүрбек Суваналиев бүгүн облус активине тааныштырылды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Суаваналиев өз сөзүндө Баткен облусу борбордон алыс жана чек аралаш аймакта жайгашкандыкан, аймакта коопсуздук жана ар тараптуу өнүктүрүү маселелери турарын билдирген.

"Бул үчүн биринчиден ынтымакта болушубуз керек, коңшу мамлекеттер менен да ынтымакта болуп, маселелерди мыйзам чегинде чечүү зарыл. Алдыда бул багытта коюлган милдеттерди аткарууга болгон күч аракетти жумшайбыз”, - деп билдирген облус башчысы.

Эске сала кетсек, буга чейин Баткен облусунун жетекчиси кызматын аркалап турган Жаныбек Жалалов өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Пикир

Оставить комментарий