• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткендик 10 абитуриент Томсктагы университеттин бюджеттик орундарына тапшыра алат

Билим 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Баткендик 10 абитуриент Томсктагы университеттин бюджеттик орундарына тапшыра алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, элчилик тарабынан Баткен облусунан Томск мамлекеттик архитектура жана курулуш институтуна 10 абитуриентти бюджеттик негизде окутуу маселеси иштелип чыкты. "Студенттер Кыргызстанда суроо-талапка ээ болгон инженердик-техникалык кесиптер боюнча билим алышат",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий