• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткендик ишкер өз өндүрүшүн ишке ашырат. Ал үчүн 1 млн сомго чейинки колдоо көрсөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. Баткенде "Өрүк курут" долбоорунун автору Турсунали Төлөмүшов "40 райондон 40 демилге" долбоорунун жеңүүчүсү аталып, өзүнүн инновациялык өндүрүшүн ишке ашырууга 1 млн сомго чейин каражат алат. Бул тууралуу Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду билдирет.

Маалыматка ылайык, “Өрүк курут” азыктары экологиялык жактан таза, нукура жана ден соолукка пайдалуу. Азыркы учурда үй шартында чыгарылат.

Белгилей кетсек, учурда Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду тарабынан "40 райондон 40 демилге" долбоорунун жеңүүчүлөрү менен инновациялык долбоорлорду аткарууга келишимдер түзүлүүдө. Тандалган бир инновациялык долбоорду ишке ашырууга 1 млн сомго чейинки акча каражаты бөлүнөт.

Пикир

Оставить комментарий