• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткендик окуучулар Тажикстандагы лагерде эс алышууда

Аймак 0

Бишкек, 10.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун башчыларынын жолугушууларындагы макулдашууларга ылайык, эки коңшулаш мамлекеттин чектеш аймактарынын жашоочулары үчүн жайкы эс алуу уюштурулду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Тажикстандын Худжанд шаарындагы балдардын “Шохин” эс алуу лагеринде Баткен облусунун Тажик Республикасы менен чектеш айылдарынан барган, мектеп курагындагы 18 бала эс алууда.

"Алардын эс алуусу үчүн мыкты шарттар түзүлүп, эки өлкөнүн жаштары, бир-бири менен достошуп, чогуу эс алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал эми Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл эс алуу жайында, Тажик Республикасынын чектеш аймактарынан келген 18 эмгек ардагери, мамлекеттик жана коомдук иштерде эмгектенип эс алууга чыккан ардагерлер эс алды", - деп айтылат маалыматта.

Эки мамлекеттин чектеш облустарынын башчыларынын бул демилгеси кыргыз-тажик элдеринин достугун, ынтымагын жана өз ара алакасын бекемдөөгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий