• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткендиктерге 117 документ тез арада калыбына келтирилет

Аймак 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак учурунда жапа чеккен жарандарды документтештирүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Көк-Таш, Максат айылдарында жана Баткен шаарында мобилдик калкты тейлөө борборлору жоголгон документтерди тез арада калыбына келтирүү боюнча арыздарды кабыл алышты. Бул тууралуу МККнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 49 паспорт (ID-карта), 34 туулгандыгы тууралуу күбөлүк, 10 нике күбөлүгү, 12 айдоочулук күбөлүк, 1 транспорттук каражатты каттоо жөнүндө күбөлүк, 7 өлүм жөнүндө күбөлүк - алардын алтысы калыбына келтирүү, бирөөсү жаңыдан алуу боюнча арыздар кабыл алынды. Мобилдик топтун кызматкерлери бардык керектүү формаларды толтуруп, сүрөткө тартып, керектүү маалыматтарды топтошту.

Мындан тышкары, Бишкек Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборундагы Калкты тейлөө борборунун мобилдик тобу Баткен коогалаңында ID-паспортторун жоготкон төрт жаранды документтештирүү кызматын жеринде көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий