• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен облусунун башчысы Алимбаев Ак-Татыр айылындагы этникалык кыргыздар менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев 24-ноябрда Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы этникалык кыргыздар менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери, Бишкек шаарынан жарандык абалдын актыларын каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн адистери, ошондой эле кошуна Тажикстан жана Өзбекстандан көчүп келген этникалык кыргыздар катышты.

Этникалык кыргыздар менен болгон баарлашууда Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Элиза Эсеналиеванын жетектеген калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу бөлүмүнүн адистери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, документтерди кабыл алуу менен чечилбеген маселелер боюнча этникалык кыргыздардын суроолоруна жооп беришти.

Баткен облусуна жалпысынан 562 этникалык кыргыз көчүп келген. Анын ичинен 274 адам Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча документ тапшырып, бүгүнкү күндө 91 киши жарандык алды.

Кошумчалай кетсек, Баткен райондук калкты тейлөө борборунда атайын этникалык кыргыздар үчүн маалымат, консултация жана КР жарандыгына кабыл алуу максатында атайын пункт ачылган.

Пикир

Оставить комментарий