• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткендин башчысы "Головной" участкасындагы жоокерлерге жана чек арачыларга белектерди тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун аймагында жайгашкан “Тамдык” чек ара заставасынын чек арачыларын Жаңы жыл майрамдары менен куттуктоо үчүн барды. Бул тууралуу өкүлчүлуктүн басма сөз кызматы билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүл Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Сай постунда жана Капчыгай чек ара заставасында турган чек арачыларды жана Улуттук Гвардиянын "Головной" участкасында кызмат өтөгөн жоокерлерди да куттуктап, белектерин тапшырды.

“Мекендин тынчтыгы, коопсуздугу үчүн, чек арада, эң алыста, шарты катаал аймакта кызмат өтөп жатканыңардын өзү эле чоң эрдик, ал эми аймактын кооптуулугун эске алсак, өз өмүрүңөрдү, ден соолугуңарды аябай, ыйык милдетиңерди чыдамкайлык менен аткарып, чек араны бекем коргоп турасыңар. Бул үчүн өзүмдүн жана жалпы элибиздин атынан силерге терең ыраазычылык билдирем.Силердин күжүрмөн аракетиңер менен бүгүн ар бир үй бүлө бактылуу”, - деди ал.

Алимбаев заставанын жана посттун шарттары менен да таанышып чыгып, чек арачылардын ыңгайлуу шартта жашоосун камсыз кылуу боюнча жигердүү иш аракеттер жасаларын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий