• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткендин башчысы облустагы дары-дармектердин запасын көрүп чыкты

Аймак 0

Бишкек, 25.07.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов облустук оорукананын жана облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кампасындагы дары-дармектин запасын көрүп чыкты. Бул тууралуу аталган облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Адистердин айтуусуна караганда, учурда облуста коронавирус жана пневмония ооруларын дарылоодо керектелүүчү дары-дармектердин жана коргонуучу каражаттардын бир айлык запасы бар.

"Беткап 254,502 даана, бир жолу колдонуучу комбинезон 10,451 даана, көп жолу колдонуучу комбинезон 2 618 даана, респиратор 13 миң даана бар. Дарыларды бөлүштүрүү бирдиктүү база аркылуу ишке ашууда", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өкүл Абдрахманов шаардагы айрым дарыканаларды кыдырып чыккан.

"Облус жетекчиси гепарин дарысы учурда "Неман" дарыканаларында бар экендигине күбө болду. Ошондой эле 118 кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Аталган кызматка күн сайын орточо 50-60 чалуу болуп жатканы маалым болду", - деп кошумчалашты өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий