• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткендин башчысы "Тамдык" заставасынын чек арачыларын жеринен куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 31.12.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов Баткен облусунун эң алыста жайгашкан "Тамдык" чек ара заставасына барып, кызматкерлерди Жаңы жыл менен куттуктады.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ыйгарым укуктуу өкүл Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Сай постунда турган чек арачыларды да куттуктап, белектерин тапшырды. Ак-Сай посту Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, чыр чатак көп катталган аймакта жайгашкан.

"Мекендин тынчтыгы, коопсуздугу үчүн, чек арада, эң алыста, шарты катаал аймакта кызмат өтөп жатканыңардын өзү эле чоң эрдик. Ал эми аймактын кооптуулугун эске алсак, өз өмүрүңөрдү, ден соолугуңарды аябай, ыйык милдетиңерди чыдамкайлык менен аткарып, чек араны бекем коргоп турасыңар. Бул үчүн өзүмдүн жана жалпы элибиздин атынан силерге терең ыраазычылык билдирем. Силердин күжүрмөн аракетиңер менен бүгүн ар бир үй бүлө бактылуу", - деп билдирди Жалалов.

Жалалов заставанын жана посттун шарттары менен да таанышып чыгып, алдыда чек ара заставаларынын материалдык-техникалык жактан жабдуу, чек арачылардын ыңгайлуу шартта жашоосун камсыз кылуу боюнча жигердүү иш аракеттер жасалаарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий