• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткендин башчысы Жалалов чек ара айылдарынын жашоочуларынан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 25.10.20. /Кабар/. 23-октябрда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жаныбек Жалалов иш сапар менен чек арада жайгашкан Көк-Таш, Ак-Сай, Үч-Дөбө айылдарына барды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш сапар алгач чек арада жайгашкан Көк-Таш айылынан башталды.

Өкүл аймактагы чек ара маселелери менен жеринен таанышып, жергиликтүү жашоочулардын көйгөйүн укту. Ал өз сөзүндө чек ара маселелерине өзгөчө көңүл буруп, бул багытта натыйжалуу иш алып баруу өкмөттүн бирден-бир максаты экендигин белгиледи.

Жалалов мындан сырткары, чек ара жаңжалында үйү күйүп кеткен Мажитовдордун мамлекет тарабынан курулган жаңы үйүнө барып, чек арада чеп болуп турган жашоочулардын абалынан кабар алды. Өкүл андан ары Баткен районунун Ак-Сай айылында уланды. Алгач Капчыгай айылына өтүүчү көпүрөнүн курулушу менен таанышты.

Көпүрөнүн курулушу республикалык бюджеттен каржыланууда. Жалалов Ак-Сай айылынын Бакай участкасын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн 55 млн сомдук насостук станциянын курулушу менен да таанышты. Ал жерде иш 70 пайызга аяктап калган.

Ошондой эле Жалалов Ак-Сай, Үч-Дөбө айылдарындагы социалдык объектилердин курулуштарын да көрүп чыкты.

Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен Ак-Сай айылында 34 орундуу бала бакча, Үч-Дөбө айылында 225 орундуу мектеп жана 34 орундуу бала бакча курулуп жатат.

Облус башчысы тиешелүү жетекчилерге аталган социалдык объектилердин сапатына маани берип, мөөнөтүндө бүткөрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий