• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткендин борбордук базары залалсыздандырылды

Аймак 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгы тарабынан дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-июнда Баткен облусунун аймагында тактап айтканда, Кадамжай районунун Марказ айылындагы Орозбеков, Айдаров көчөлөрүн залалсыздандыруу иш-чаралары жүргүзүлдү. Жалпы 7000 погондук метр унаа жолдоруна хлор аралашмасы чачылды.

Ошондой эле Баткен шаарындагы борбордук базар, автобекет, Дыйкан базары дезинфекцияланды.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери автоунаа жүрүүчү жолдордо, жарандар көп бара турган объектилерде, азык-түлүк сатуучу дүкөндөрдө, банктарда, базарларда жана дарыканаларда жүргүзүлүүдө.

Аталган иш-чара ӨКМ тарабынан республиканын бардык аймактарында күн сайын аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий