• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткендин Чек айылында таштандыны кайра иштетүүчү ишкана ачылды

Аймак 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Баткен облусунун Баткен районундагы Чек айылында таштандыны кайра иштетүүчү ишкана ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ишкананын ачылуу аземине Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ишкана жеке ишкер Кайрат Абдипаттаевдин демилгеси менен курулган. Чакан завод таштандыларды, желим бөтөлкөлөрдү кайра иштеп чыгарууга ыңгайлашкан. Ишканада 30 жумушчу иштейт.

Пикир

Оставить комментарий