• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткендин чек ара айылдарындагы тургундарга милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Баткендин чек ара айылдарындагы тургундарга милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кулуңду айыл аймагындагы Кулуңду, Максат айылдарында милиция кызматкерлери элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоо максатында Кулуңду айылында милиция кызматкерлери чек ара аймактарында жашаган элдердин коопсуздугун камсыздап 10 маршрутта иш алып барууда.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү органдар менен биргеликте чек ара аймактарында жашаган элдерге Тажикстанга түшпөөсү боюнча бир катар эскертүүлөрдү беришүүдө.

Аталган аймактарда абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий