• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткен: Бейшеналиев эвакуацияланган жарандардын саламаттыгынан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 01.05.21./Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектен келген дарыгерлердин тобу менен биргеликте Баткендин чек арага жакын аймактарынан Лейлек районунун Исфана шаарына эвакуацияланган жарандардын ден соолугун текшеришти.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бейшеналиев бардык зарыл болгон медициналык жардамдар көрсөтүлөрүн белгиледи.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жарандардын көбүндө кырдаалдык стресс жана кан басымынын жогорулашы байкалууда.

Пикир

Оставить комментарий